Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Тышкы иштер боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Хао Пин менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова, КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп: "Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелер активдүү уланууда. Айрыкча Кытай көп жылдардан берки Кыргызстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири", - деди. Ошондой эле, ал "Бир алкак – бир жол" демилгесин ишке ашыруу жана "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
Мындан сырткары, эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык жана партиялар аралык байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын эске салган Джамиля Исаева парламенттик комитеттердин жана достук топторунун деңгээлинде да эки тараптуу жолугушуулар байма-бай уюштурулуп жатканына токтолду.
Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Тышкы иштер боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Хао Пин Кытай Кыргызстан менен кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жаатындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан жана Кытай ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү