Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карим Ханджеза ушул жылдын 18-20-сентябрында КЭРдин Нинся-Хуэй автономиялуу районунун башчысынын жана кытай-араб өлкөлөрүнүн ЭКСПОсун уюштуруу комитетинин башчысынын чакыруусу боюнча, Инчуан шаарында өткөн, боордош шаарлар форумуна жана кытай-араб өлкөлөрүнүн 6-ЭКСПОсуна катышты. Иш-чара "Бир алкак-бир жол"демилгесинин алкагында уюштурулуп, депутат Карим Ханджеза ага ардактуу конок катары катышты.
Аталган саамалыктын алкагында достук шаарлардын өнөр жайы, жаштардын эл аралык лагери жөнүндө презентация уюштурулуп, ошондой эле ишканалар жана өнөр жай объектилери менен таанышуу болду. Мындан тышкары, боордош шаарлардын достук паркынын ачылыш аземи өтүп, анда катышуучулар жана коноктор бак-дарактарды тигишти. Депутат кытай-араб өлкөлөрүнүн ЭКСПОсунун алкагында Кытай жана араб өлкөлөрүнүн ири инвесторлору менен жолугушуп, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү