Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанарбек Акаев баштаган делегация 18-20-ноябрь күндөрү Ереванда (Армения) ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын алкагында үч сессияга катышты.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанарбек Акаев коопсуздукту чыңдоо дана ЕККУ аймагында ишеним чараларын жогорулатууга байланышкан бир нече маселелерди талкуулоого катышты. Ошондой эле ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча баяндамаларды жасады. Мындан тышкары, 19-ноябрда ЕККУ ПАнын атайын өкүлү Фара Карими менен жолугушту. Жолугушууда тараптар экономика-экологиялык өлчөмдөр, айлана чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү сыяктуу ж.б. маселелерди талкуулашты.
ЕККУ ПАнын күзгү сессиясына катышуу алкагында КР Жогорку Кеңешинин делегациясы ЖККУ ПА жана ЕККУ ПАга мүчө болгон парламенттердин делегацияларынын башчыларынын координациялык жолугушуусуна катышты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү