Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун 2022-жылга жана 2023-жылдын биринчи жарымына карата аткарган иштери тууралуу маалыматы угулду.
Бул багытта алгач, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова баяндама жасады.
Маалыматка караганда Анкарадагы консулдукта 7 миңге жакын кайрылуу каралган. Консулдук Түркиядан “Жүк 200” аркылуу 79 кыргызстандыктын сөөгүн жөнөтүүгө көмөктөшкөн. Жыл ичинде 132 ар кыл багыттагы иш чаралар уюштурулса, аталган өлкөнүн тиешелүү кызматтары менен 18 жолу жолугушуулар өткөрүлгөн. Быйыл жыл башынан бери 6 минден ашык кыргыз жарандарына кызмат көрсөтүлгөн.
Комитет отурумунда ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү долбоору) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун жана Кыргыз Республикасы менен Жашыл климат фондунун аккредиттелген субъекти катары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы жашыл климат фондун каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү долбоору) долбоорлору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү