Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Арсланбек Малиев жана Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылындагы Р. Жангазиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Арсланбек Малиев мектеп окуучуларын жана мугалимдерин мектептин ачылышы менен куттуктап, окууларында чоң ийгиликтерди каалады. Ал белгилегендей, аталган мектеп аймактагы билим берүү мекемелеринин арасында өзгөчө орунду ээлейт. Ошондой эле депутат педагогикалык курам, окуучулардын ата-энелери менен маектешип, окуу жайдын администрациясына мектеп окуучулары үчүн персоналдык компьютер тапшырды.
Р.Жангазиев атындагы орто мектебинин 1 корпусу 1953-жылы курулуп, 2005-жылы авариялык деп табылган. Ал эми 2-корпусу 2007-жылы курулган. Учурда билим уясында 720 окуучу окуп жатат.
2007-жылы жылы курулган мектептин имаратында 150 окуучулук орун болуп, окуучулар батпагандыктан авариялык абалдагы эски мектепте окууга мажбур болуп келишкен.
2015-жылы республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык баасы 48млн сомду түзгөн 350 орундук жаӊы мектептин курулушу башталган.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү