Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Чыныбай Турсунбеков Финляндия ТИМнин өнүгүү саясаты боюнча өкүлү Юхани Тойвонен менен жолугушту

13-12-2016
14:36

13-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Финляндия Тышкы иштер министрлигинин өнүгүү саясаты боюнча өкүлү Юхани Тойвоненди кабыл алды.

Жолугушууга Жогорку Кеӊештеги депутаттардын Финляндия менен кызматташуу боюнча иш алып барган достук тобунун башчысы, депутат Акылбек Жапаров, депутат Азамат Арапбаев, Финляндиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Илкка Рэйсэнен жана Финляндиянын Кыргызстандагы Ардактуу консулу Петри Нумминен катышты.    

Тараптар эки өлкө ортосундагы алакалардын абалы тууралуу баарлашышып, өз арада кызматташтыкка тиешелүү маселелер боюнча ой бөлүшүштү. Төрага Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасы Финляндия менен болгон байланышка өзгөчө көӊүл бурарын белгилеп: "Биздин кызматташтык кыргыз-фин алакаларынын активдешүүсүнө жана кеӊейишине түрткү берет деген ишеничтемин", - деди.

Өз кезегинде Финляндия ТИМнин өнүгүү саясаты боюнча өкүлү Юхани Тойвонен эки мамлекеттин ортосундагы байланыштардын арбып бара жатканына канаттанарын билдирип, фин тарап айыл чарба, экология, ишкерчилик жана парламенттер аралык кызматташтык багытындагы алакаларды жакшыртууга кызыктар экенин кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда экономикалык мамилелер тууралуу сөз жүрдү. Алсак, аталган өлкөнүн Ардактуу консулу П.Нумминен Кыргызстандан чыккан продукцияларды Финляндияга экспорттоо боюнча механизмдер иштелип жатканын маалымдап, жөнөтүлүүчү товарлардын реестрине жаӊгак, бал, кургатылган жемиштер, текстиль баштаган он түрдүү товар киргизилгенин билдирди.   

Андан тышкары, "Биздин кызматташуубуздун башкы максаты эки өлкөнүн ишкерчилик чөйрөсүн жакындатуу" - деген П.Нумминен кыргыз товарларын Финляндияда сатууда базардын абалына байланышкан маанилүү маалыматтар топтолуп жатканын кошумчалады.

Ал эми Финляндия ТИМнин өнүгүү саясаты боюнча өкүлү Юхани Тойвонен "Эгер кыргыз товарларын Финляндияга экспорттоо маселеси чечилсе, жалпы Европага да жөнөтүүдөгү көйгөйлөр чечилет", - деди. 

Мындан сырткары жолугушууда билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу маселеси да көтөрүлдү. Төрага Чыныбай Турсунбеков белгилегендей, Кыргызстан үчүн Финляндиянын билим берүү модели жана окутуу ыкмасы өтө зарыл.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстандын аймагында фин тараптан ишке ашырылуучу айыл чарба, экология, туризм жана инвестиция тартуу боюнча долбоорлорду даярдоо маселелери да талкууланды. 

КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы