Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана 2016-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүү боюнча чаралар жөнүндөгү" токтомдун аткарылышы тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматын укту.
Туризм департаменинин директору Азамат Жаманкуловдун маалыматына таянсак, 2016-жылдын тогуз айында Кыргызстанга 2 миллиондон ашуун чет өлкөлүк жаран келген. Бирок, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл өлкөгө кирген чет өлкөлүктөрдүн саны аз болгондугуна карабастан, мамлекеттик казынанын 3,6 пайызын туризм тармагынан түшкөн киреше түзгөн. Ал эми өткөн жылы 3,4 пайыз барабар болгон. Ошондой эле коопсуздук жаатына да өзгөчө көӊүл бурулуп, 2 миӊ кишиден турган топ иш алып барган.
Ал эми комитет мүчөлөрү Кыргызстандын келечеги өнүккөн туризм тармагына түздөн-түз көз каранды экенин белгилеп, жыл сайын Департаментке бөлүнүүчү каражаттын көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгын белгилешти.
Эске салсак, Туризм департаменти үчүн жыл сайын казынадан 7 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.
КР ЖК Басма сөз кызматы