Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык уюмдардын баамында ала качуунун курмандыгына кабылган кыздар баш калка таба албай бир топ кыйынчылыктарга кабылышат

13-12-2016
18:40

Жогорку Кеңештин депутаттары Евгения Строкова, Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко жана Алмазбек Токторов бүгүн, 13-декабрда БУУнун Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча комитетинин мүчөлөрү Лия Надария, Теодора Обу Нванко жана аталган комитетинин катчысы Якоб Шнайдер, ошондой эле Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыктын Женевадагы  башкармалыгынын өкүлү Феруза Абдуллаева менен жолугушту.

Диалогдун жүрүшүндө депутат Е. Строкова парламенттеги айымдардын орду, жергиликтүү кеңештердеги айым депутаттардын көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, аткаруу бийлигинде иштеп жаткан жогорку кызматтагы айымдардын жигердүү иштерине да токтолду.

Депутат Элвира Сурабалдиева ЖКтеги депутат айымдар өзүнчө форум түзүп, ага бардык фракциядагы айымдар бирдей активдүү катышып, маанилүү маселелерди чечүүдө зор күчкө ээ экендигин белгиледи. “Ай сайын көчмө жыйындарды өткөрүүнү салтка айландырган депутат айымдардын форуму жер-жерлердеги гендердик маселелерден тартып, социалдык көйгөйлөргө чейин талдап, абалдан чыгуунун жолдорун биргелешип издөө менен натыйжалуу жыйынтыктарга жетишип жатат”,- дейт депутат айымдар форумунун төрайымы.

Депутат Наталья Никитенко болсо, -“Аялдар коомдо зор күч. Бул жагынан Борбордук Азияда биринчилерден болуп Кыргызстанда Президенттик милдетти Роза Отунбаева аткаргандыгы жакшы мисалдардын далили”,- деди.

Жашы жетпегендердин никеге туруусуна жол бербөө багытында кабыл алынган мыйзамдар тууралуу депутат Алмазбек Токторов маалымат берди.

Кезегинде  БУУнун Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча комитетинин мүчөсү Теодора Обу Нванко айым, -“Ала качуунун курмандыгына кабылган кыздар баш калка таба албай бир топ кыйынчылыктарга кабылышат. Иш табуу дагы алар үчүн татаал маселе”,- деди. Ошондой эле ал,- "Парламент мыйзамдарды эле кабыл алуу менен чектелбей, алардын аткарылышын көзөмөлдөө жагынан да алгылыктуу иштерди алып барышы керек. Бул жагынан кыргыз парламентинин иш тажрыйбасы кандай?”,- деп кызыкты.

 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы