Жогорку Кеӊеште коррупцияны алдын алуу иштерин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл институтун түзүү максатында иштелип чыккан “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, сунуштар эске алынуу менен, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзам долбоору кызыкчылыктар кагылышын жөнгө салуу институтун өркүндөтүүгө, анда кызмат адамдарын коррупцияга алып барган кырдаалдардын санын азайтууга багытталып, саясий жана системалык коррупцияларды алдын алуу боюнча чараларды жана административдик реформаларды улантуу болуп саналат. Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эл аралык тажырыйба да эске алунган.
Мыйзамдын таасири жайылтылуучу субъекттерге саясий, административдик жана атайын кызматтарды (анын ичинде катышуунун мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык уюмдардагы мамлекеттик өкүлдөрдүн да) ээлеген мамлекеттик кызматкерлер кирет. Мыйзам долбоордун негизги жаңылыгы коомдо пайда болгон кызыкчылыктардын кагылышы жана коррупциялык көрүнүштөрдүн жыйынтыктары менен күрөшүү эмес, аларды алдын алууга багытталгандыгында турат.
Ал эми Экономика министрлиги мыйзам долбоору кызматтык кызыкчылыктардын кагылышы жаатындагы мыйзамдарды ыраатташтыруу жана андан ары өркүндөтүү, кызыкчылыктардын кагылышын өз учурунда табуу, алардын алдын алуу жана жөнгө салуу механизмдерин ишке киргизүү максатында иштелип чыкканын белгилейт. Министрлик мыйзам долбооруна оӊ корутундусун берген.
КР ЖК Басма сөз кызматы