Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга) 2-окууда каралды. Демилгечилер - депутаттар Кенжебек Бокоев, Наталья Никитенко, Умбеталы Кыдыралиев.
Мыйзам долбоорунун концепциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын туруктуулугун камсыз кылууга, ЖӨБ бирлигинин жана муниципалдык ассоциациялардын ЖӨБ маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын (ЧУА) долбоорлорун муниципалитеттердин ассоциациялары менен алдын ала талкуулоо жаатындагы ролун жогорулатууга жана ченемдик укуктук актыларды демилгелөөнү ишке ашырууга багытталган. Ошондой эле ЖӨБ органдарынын аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын практикада ар түрдүү ченемдик актыларын жана ченемдик укуктук актыларын (токтомдорун, чечимдерин, тескемелерин) кабыл алуу максатын көздөйт. Мындан сырткары, долбоордо ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун элге жарыялоо жана кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо белгиленген.
Талкууда демилгечилердин бири депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү кеңештерге жооптуу катчы кызматын киргизүү максатталгандыгын, ал жергилитүү бюджет тарабынан каржылана тургандыгын маалымдады. Бирок мындай түзөтүү 2018-жылдын 1-январынан башталаарын кошумчалады. КР Өкмөтүнүн өкүлү каржы маселеси чечилбегендигин маалымдап, каршылыгын билдирди. Депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоорун кабыл алуу жергиликтүү кеңештердин натыйжалуу иштөөсүнө түрткү болоорун айтты. Жергиликтүү кеңештерге жооптуу катчы кызматын киргизүү сунушу абдан туура болгондугун айткан депутат Бакыт Райымкулов мындай түзөтүү жергиликтүү бюджетке анчалык деле оорчулук келтирбестигин белгиледи. Мындай жагдайды кубаттаган айрым эл өкүлдөрү жергиликтүү кеңештердин айыл жери болобу же шаар жери болобу анын статусу бердей болушу керек деген негиздемелерин ортого салышты. Бир катар депутаттар республика аймагындагы айыл өкмөттөрүнүн басымдуу бөлүгү дотацияда экенин, КР Өкмөтү тарабынан каржы маселеси чечилбегендигин айтып, жооптуу катчы кызматын киргизүү азырынча эртелик кылаарын белгилешти.
“Мыйзам долбоорун дагы дыкат карап чыгуу зарыл”,- дейт депутат Дастан Бекешев. Анын пикиринде, долбоордо белгиленген ассоциациялар менен кеңешүү канчалык деңгээлде туура болот деген суроо жаралат.
Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы