Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мамлекеттин каражатына нускалануучу окуу китептери менен камсыздоону жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору демилгеленди

14-12-2016
14:33

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Граждандык кодекске, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамга) каралды. Демилгечилер – депутаттар Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Наталья Никитенко, Алтынай Өмүрбекова, Евгения Строкова, Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов.

Аталган мыйзам долбоору боюнча депутат Дастан Бекешев баяндама жасады. Бул мыйзам долбоору көрүүсү бузулган адамдардын билимге жана маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Мыйзам долбоорунун концепциясы көрүүсү начарлаган адамдардын билимге жана маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Автордук укуктун объекттерин пайдаланууда атайын ыкмаларды колдонуу менен жана жеткиликтүү форматта азиздердин жана көрүүсү бузулган адамдардын же жөндөмдүүлүктөрү башкача чектелген адамдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн чектөөлөрдү (кайра чыгарууга укуктарды кошпогондо) алып салуу боюнча бир катар милдеттенмелерди белгилөө мыйзам долбоорунун башкы максаты болуп саналат.

 “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамда мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн чыгырмалардын статусун так аныктоо сунуш кылынат. Атап айтканда, мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн чыгармаларга карата мамлекеттин мүлктүк укуктарын бекемдөө каралган. Бул түзөтүү мамлекеттик бюджеттин каражаттарына түзүлүүчү жана нускалануучу окуу китептери жана окуу материалдары менен камсыздоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Жыйын жүрүшүндө окуу китебин жазган адам мамлекет тарабынан бир гана жолу сый акы алуусу, ошол китеп кийин кайра басылып чыкса авторго экинчи ирет сый акы төлөнбөстүгү боюнча талкуу жаралды. Депутат Исхак Масалиев мындай жагдайда автордук укук бузулаарын белгиледи.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы