Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууда кабыл алынды.
КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:
- “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жеенчороев М.К., Бабанов Ө.Т., Казакбаев Р.А., Өмүркулов И.Ш., Аманкулов М.А., Алтынбеков А., Акматов А.Ж., Бакиров М.И., Жунус уулу А., Мавлянова М.Э., Мамашова А.Т., Масабиров Т.А., Никитенко Н.В., Сыдыков Б.Ү., Султанбекова Ч.А., Строкова Е.Г., Чолпонбаев У.С., Жамангулов А.Ж., Исаева Д.Ш., Байбакпаев Э.Ж.);
- “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Узакбаев А.О., Бакиров М.И., Зулпукаров Т.З., Бокоев К.С.).
- “2016-жылдын 24-июунунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 08.12.16дагы № 649 токтом);
- “2016-жылдын 24-июунунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Пакистан Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 08.12.16дагы № 650 токтом);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 5-октябрындагы № 940-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 24.06.15теги № 405 токтом).
2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
- “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 477 токтом);
- “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.07.15теги № 518 токтом);
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер - депутаттар Бокоев К.С., Никитенко Н.В., Кыдыралиев У.Т.);
- “Төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (демилгечи – Өкмөт, 02.08.16дагы № 425 токтом).
1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Икрамов Т.И., Никитенко Н.В., Өмүрбекова А.С., Строкова Е.Г., Иманалиев К.К., Шыкмаматов А.Н.).
ЧЕТКЕ КАГЫЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:
- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.01.16дагы № 39 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын).
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы