Депутат Тазабек Икрамов: «Аутисттер оорулуу адамдар эмес, алар акыл-эси өзгөчө адамдар, алар дүйнөгө башкача карайт»

22-12-2016 10:44

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 20 миӊдей аутист адам бар, бирок так маалымат жок. Ушул кезге чейин адистер тарабынан атайын иликтөө жүргүзүлгөн эмес. Ошондон улам, аларга кам көрүлбөй келект. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Аутисттер оорулуу адамдар эмес, алар акыл-эси өзгөчө адамдар, алар дүйнөгө башкача карайт. Тарыхта Эйнштейн, Моцарт, Гейтс сындуу аутист адамдар чоӊ ийгиликтерге жетишкен. Бизде андай адамдарды бала бакча менен мектепке албайт. Эмне үчүн? Алар деле биздин жарандар да. Тармактык комитетке аутист адардарга көмөк көрсөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берүү зарыл», - деди эл өкүлү.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 295

Окшош жаңылыктар