“Ар түрдүү маселелер” саатында шайлоочулардын бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрү көтөрүлдү

22-12-2016 11:09

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү жер-жерлердеги бир катар социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүп чыгышты.

Депутат Алмазбек Эргешов Жалал-Абад облусуна караштуу 5 миң тургуну бар Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатрикалык оорукананын абалына көңүл бурду. Бүгүнкү күндө ооруканада күзөт кызматы жок, оорукана кызматкерлери өздөрү күзөткө турушат. Ал эми айылдын өзүндө болсо таза суу көйгөйү бар. Ошондой эле Кызыл-Жарды Таш-Көмүр шаарчасы менен байланыштырып турган жолдун абалы да начар, оңдоп-түзөөгө өтө муктаж.

Депутат Узарбек Жылкыбаев кезектеги туристтик сезонго камылга көрүү зарылдыгына токтолуп, Балыкчы-Корумду жолунун курулушун аяктоо керектигин айтты. Мындан сырткары, депутат Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң айылындагы электр кубатына байланыштуу маселени көтөрдү.

Депутат Ирина Карамушкина мектеп-интернаттарын бүткөн жетим балдарды жумушка орноштуруу маселесине көңүл бурду. “Жыл сайын мындай мектептер менен балдар үйлөрүн 300дөй бала бүтүп чыгат. Алардын болгону 5%ынын гана туугандары бар. Калгандарынын тагдыры эмне болот?”,- дейт депутат.

Республика аймагындагы базарлардын көйгөйлөрү боюнча өкмөттүк күн өткөрүү зарылдыгын депутат Дастан Бекешев айтып чыкты.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Ош облусунун Ноокат районундагы жаш үй-бүлөлөр үчүн жер тилкелерин трансформациялоо зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле депутат Ноокаттагы көп кабаттуу үйлөрдө канализация жоктугуна токтолуп, мындай үйлөрдү тиешелүү коммуникациялары менен куруу керектигин билдирди.

Ош шаарындагы ХБК чөлкөмүндөгү базардагы сатуучуларды башка жерге көчүрүүгө мажбурлап, ар бир орун үчүн 10 миң АКШ доллары талап кылынып жатканы тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева маалымат берди. “Мындай жагдайлар мыйзам чегинде чеилиши керек, ишкерлердин укуктары корголушу зарыл”,- дейт депутат.

Депутат Исланбек Сарсейитов Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыктарда жабыркагандарга өз маалында медициналык жардам көрсөтүү максатында медициналык пунктарды уюштуруу менен жакынкы райондордогу ооруканаларды нейрохирург адистери менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Депутат Бакирдин Субанбеков жолдордун сапатынан, жол белгилери сындуу башка жагдайлардан жол кыймылынын баардык катышуучуларынын коопсуздугу көз каранды экенине токтолду. “Буга байланыштуу жолдордун параметрлерине тиешелүү талап кылынган ченемдерди кайра карап чыгуу керек. Мындай ченемдер 1998-жылдан бери алмашыла элек”,- дейт депутат.

Аутист-балдардын көйгөйлөрүнө депутат Тазабек Икрамов өзгөчө көңүл бурду. “Аутист-балдары бар ата-энелер мындай балдарга тарбия берүү маселелери боюнча атайын жардамдарга муктаж. Тилекке каршы, Кыргызстанда тиешелүү адистер жок. Мамлекет бул маселеге көңүл бурушу шарт”,- дейт депутат.

Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын кайрылуусу менен депутат Зиядин Жамалдинов тааныштырды. Кайрылууда аталган айыл аймагындагы ички жолдорду асфальттоо маселеси суралган.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Жалал-Абал облусунун Аксы районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында экологиялык ченемдер менен талаптарды бузуу менен мыйзамсыз алтын казылып жаткандыгын билдирди.

Депутат Урматбек Самаев Токмок шаарында жан Чүй айылында жер алдынан суулар көтөрүлүп жатканынан коңгуроо кагып, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан дренаждык тутумдарды тазалоо иштери жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Депутат Рыскелди Момбеков Талас облусунун Маймак айылынын тургундарынын социалдык-экономикалык маселелерин көтөрдү. Анын белгилешинче, аталган айыл райондон алыс, чек арага танапташ жерде жайгашкандыктан КР Өкмөтү айылдын көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурушу зарыл.

Депутат Наталья Никитенко балдар үйлөрүн, реабилитациялык борборлорду коммерциялык обьектилерге теңештирүү болбостугун айтып, коммерциялык эмес мындай социалдык обьектилер үчүн электр кубатына болгон тарифтерди кайра кароо керектигин белгиледи.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1461

Окшош жаңылыктар