Мунапыс жарыялоо шарттары менен колдонуу тартибин кайрадан ыраатташтырылууда

22-12-2016 11:52

Жогорку Кеӊеште сот рефорасын жүргүзүү алкагында иштелип чыккан “Мунапыстын негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилер сунуш кылынган мыйзам долбоорунда мунапыс жарылоонун шарттары менен колдонуу тартиби, кандай кылмыштарга карата мунапыс жарыяланбай турганы тууралуу жолжоболор каттылганын билдирет. Кыргызстан бара-бара соттолгон адамдарга карата мунапыс жарыялоо өнөкөтүнөн баш тартышы керек. Өнүккөн өлкөлөр мунапыстан эбак эле баш тарткан. Кылмыш жасаган адамдар кылмышына жараша жазасын тартууга тийиш.

Демилгечинин пикиринде, Баш мыйзамга ылайык, баары бир парламентте мунапыс актысын кабыл алуу укугу кала берет. «Ошондон улам, мунапыс жарыялоо шарттары менен колдонуу тартибин кайрадан ыраатташтыруу аракети жасалууда. Өлкөдө коррупция тамырлашып кеткендиктен, азырынча жыл сайын мунапыс жарыялап, соттолгондордун санын кыскартууга аргасызбыз», - деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин өткөн чакырылышынын депутаттар тобунун демилгеси менен бир катар кодекстер менен мыйзамдардын долбоорлору иштелип чыккан.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 269

Окшош жаңылыктар