Сот тутумунун мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун ишке киргизүү мөөнөтү такталууда

22-12-2016 11:55

Жогорку Кеӊеште сот тутумун реформалоо алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун топтомун колдонууга киргизүү боюнча демилге каралып, мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – депутаттар Узарбек Жылкыбаев, Асел Кодуранова, Максат Сабиров, Нурбек Алимбеков, Жаныбек Бакчиев, Аскарбек Шадиев, Алмамбет Шыкмаматов.

Мыйзам долбоору аркылуу “КР Жазык кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” КР мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору колдонууга киргизилет.

Жогорку соттун жана Сот департаментинин өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзам күчүнө киргенге чейин Сот департаментине караштуу атайын эки борбордо судьяларды даярдоо жана окутуу иштери жүргүзүлмөкчү.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин өткөн чакырылышынын депутаттар тобунун демилгеси менен Жарандык-процесстик кодекстин, Административдик-процесстик кодекстин, Жазык кодекстин, Жоруктар жөнүндө кодекстин, Жазык-процесстик кодекстин, Жазык-аткаруу кодекстин, «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» мыйзамдын, «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамдын долбоорлору иштелип чыккан.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1383

Окшош жаңылыктар