2016-жылдын 22-декабрында добуш берилген мыйзам долбоорлору

22-12-2016 12:02

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 3-окууда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин долбоору (демилгечилер – ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Текебаев Ө.Ч., Туманов Т.Т., Никитенко Н.В., Абдиев К., Скрипкина Г.А., Шайназаров Т.У., Кочкарова Э.А.);

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоору (демилгечилер – ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Текебаев Ө.Ч., Туманов Т.Т., Никитенко Н.В., Абдиев К., Скрипкина Г.А., Шайназаров Т.У., Кочкарова Э.А.);

- “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоору  (демилгечилер – ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Текебаев Ө.Ч., Туманов Т.Т., Никитенко Н.В., Абдиев К., Скрипкина Г.А., Шайназаров Т.У., Кочкарова Э.А.);

- “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин долбоору  (демилгечилер – ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Текебаев Ө.Ч., Туманов Т.Т., Никитенко Н.В., Абдиев К., Скрипкина Г.А., Шайназаров Т.У., Кочкарова Э.А.);

- “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Скрипкина Г.А.);

- “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жылкыбаев У.К., Кодуранова А.С., Бакчиев Ж.А., Шадиев А.А., Сабиров М.Э., Алимбеков Н.К., Шыкмаматов А.Н.);

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

- “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Акаев Ж.К.).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1494

Окшош жаңылыктар