Депутат Жыргалбек Турускулов: «Мамматрезервдер фондундагы курттаган ун фактысы толук аныкталды»

22-12-2016 13:07

Жогорку Кеӊеште 2016-жылдын 20-октябрында түзүлгөн Бузулган ун фактысын изилдөө жана анын КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулду.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Жыргалбек Турускуловдун айтымында, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сакталган азыктарын текшергенде, курттаган ун фактысы толугу менен аныкталды. «Комиссия Борбордук базада текшерүү жүргүзүп, унду сактоонун талаптары бузулганына күбө болду. Андан сырткары, №97 кесиптик темир жолчулар лицейине 2 тонна ун келип түшүп, анын сапатына шектенүү болгондуктан, ал башкасына алмаштырылган. Курттаган ундар видотасмаларга жазылып алынды», - дейт ал.

Андан тышкары, депутаттык комиссия өз тыянагын жарандардан келип түшкөн билдирүүлөр менен кошо Эсептөө палатасы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырганы белгилүү болду. Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү да бул маселе боюнча 30-сентябрда мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анын текшерүү жыйынтыгы боюнча материал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырылганы, анын жыйынтыгы күтүлүп жатканы тууралуу учкай маалымат берди.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишинде мындан башка да көптөгөн мүчүлүштүктөр бар экенин, аларды өкмөт жетекчилигинин катышуусунда кеӊири талкуулап, бирдиктүү чечим кабыл алуу зарылдыгын белгилешти. Мисалы, депутат Зиядин Жамалдиновдун айтымында, ушу тапта Мамматрезервдин 800 млн сомдон ашуун каражаты көрүнгөн шылуудардын колунда жүргөнүн, аны кайтарып алуу чараларын көрүү керектигин айтты. Ал эми вице-спикер Алтынай Өмүрбекова Мамматрезервдин иши боюнча атайын өкмөттүк күн өткөрүү сунушун берди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынып, Өкмөткө бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2016-жылдын 20-октябрындагы токтому менен Бузулган ун фактысын изилдөө жана анын КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына депутаттар Ж.Турускулов, У.Примов, Э.Сурабалдиева, У.Жылкыбаев, М.Исаков, А.Жамангулов, Б.Райымкулов, Д.Жумабеков, А.Назаров, А.Узакбаев, Б.Сулейманов, А.Акматов кирген.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 371

Окшош жаңылыктар