Жогорку Кеӊеште Токтогул ГЭСинин гидроагрегатында болгон авария тууралуу маалымат угулду

22-12-2016 15:37

Жогорку Кеӊеште депутаттардын сунушу менен Токтогул ГЭСинин №2 гидроагрегатында болгон авария тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын маалыматы угулду.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевдин айтымында, 15-декабрь күн Токтогул ГЭСиндеги №2 гидроагрегатында авария болуп, жабдуу пландан тышкары токтотулган, азыр орусиялык адистердин көмөгү менен калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. «Кабелдердин иштөө мөөнөтү 25 жыл, ал эми Токтогул ГЭСиндеги кабелдер 42 жылдан берүү пайдаланууда. Ошондуктан, эскирген жабдуулар толугу менен жаӊыртылууга тийиш», - дейт ал.

Азыр №2 гидроагрегаттын 500 кВ чыӊалуудагы кабелинде 40 градуска чейин температуралык өзгөрүү болгондуктан, 27 метр кабель алмаштырыла турганы белгилүү болду. Компания башчысы оӊдоо иштери 2017-жылдын 15-январына чейин бүткөрүлөрүн кошумчалады. «Азырынча коркунуч жок. Электр кубаты жетиштүү. Бишкек ТЭЦин 360 мегаваттка чейин жетикире алабыз. Резервде 200 мегаватт электр кубаты бар, андан тышкары 300 мегаватт токтоп турат», - дейт ал.

Суроо-жооп жүрүшүндө депутат Рыкелди Момбеков энергохолдинг жарытылуу иш жасалбаганын сынга алды. «Башкасы аз келгенсип, Токтогул ГЭСинде авария болгонун алты күндөн бери жашырып келди. Бир топ документтер турат. Өкмөттүн тапшырмасы да, Коргоо кеӊешинин чечими да, Жогорку Кеӊештин токтому да аткарылган жок, электр энергиясынын акчасы толук чогултулган жок, жоготуулар кыскартылган жок. Анан кантип ишенүүгө болот», - дейт депутат.

Ага жооп катары, каражаттын жетишсиздигине карабастан, өлкөнүн энергетикалык көзкарандысыздыгын жана энерготармактын техникалык коопсуздугун камсыздоо, эскирген жабдууларды жаӊыртуу, калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. «Быйыл электр энергиясы импорттолбойт. Кандайдыр бир чектөөлөр да колдонулбайт. Азырынча электр кубаты жетиштүү», - деп кошумчалады ал.

Депутаттар өлкөнүн энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалашты. Андан сырткары, өлкөнүн энерго тутумунун ишин жакшыртуу жаатында бир катар тапшырмалар берилди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1331

Окшош жаңылыктар