Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков: "ТүркПА катчылыгынын жаӊы имараты тыгыз кызматташтууга ынгайлуу шарт түзөт"

22-12-2016 16:42

Бүгүн, 22-декабрда Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Максат Сабиров Азербайжандын баш калаасы Бакуда курулган ТүркПА катчылыгынын жаӊы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков ачылыш аземде сөз сүйлөп, бул имарат түрк тилдүү мамлекеттердин тыгыз кызматташуусуна жана бир туугандык мамиленин чыӊдалышына ынгайлуу шарт түзөрүн, айрыкча, парламенттер аралык байланыштарды арттырып, биргелешип иш алып барууга көмөкчү болоорун баса белгиледи.

Ошондой эле боордош элдердин парламенттер аралык ассамблеясынын ишмердүүлүгүнө токтолгон Төрага Ч.Турсунбеков: "ТүркПА саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган парламенттик дипломатиянын өнүгүшүнө кенири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ассамблеянын башкы максаты көп тармактуу тыгыз байланышты ишке ашырып, өнөктөштүк мамилелерди өркүндөтүү болгондуктан, жети жылдан бери боордош мамлекеттерди достукка чакырган бир топ долбоорлор ишке ашырылды", - деп кошумчалады.

Андан тышкары, Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев иш-чарага келген түрк тилдүү мамлекеттердин парламент жетекчилерин кабыл алып, жаӊы ачылган имарат жалпы түрк элдеринин достугун чыӊдай берсин деген тилегин билдирди.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында меймандар Гейдар Алиевдин бейитине, Шейиттер аллеясына жана Түрк аскерлеринин эстелигине гүл чамбар коюшту.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2354

Окшош жаңылыктар