Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков: «Асаналы Толубаевдин өрнөктүү өмүр жолу келечек муун үчүн үлгү болуп кала берет»

26-12-2016 10:30

Жогорку Кеңеште кыргыз парламентинин демилгеси менен белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун алгачкы төрагасы Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, Асаналы Толубаевдин жакындары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып жатат.

Илимий-практикалык конференцияны ачып жатып, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков I чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун алгачкы төрагасы Асаналы Толубаев кыргыз мамлекеттин, анын ичинде кыргыз парламентин түптөөдө, чыңдоодо жана калыптандырууда зор салым кошкон чыгаан инсандардын бири экенин баса белгиледи. «Асанаалы Толубаевдин өрнөктүү өмүр жолу келечек муун үчүн үлгү болуп кала берет. Биз эӊ оор учурда, эӊ кыйын кырдаалда кыргыз парламентин жетектеген, өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон  адамдын жаркын элесине ар дайым таазим этүүгө милдеттүүбүз», - деди ал.

Эске салсак, Толубаев Асаналы 1896-жылы Ворошилов районунун Чалаказак айылында (азыркы Бишкек шаарынын Биринчи Май району,  Кызыл–Аскер конушу) кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган.

1928-жылы коммунисттер партиясынын катарына кирип, 1930-жылы Кызыл Аскер айыл чарба артелине мүчө болгон. 1935-жылдан баштап Кызыл Аскер айылдык кеңешинин төрагасы, андан кийин 1937-жылы «Кызыл Аскер колхозунун төрагасы болуп шайланган.

1938-жылы колхоз мүчөлөрү айыл чарба түшүмүнүн жогорку көрсөткүчтөрү үчүн А.Толубаевди Кыргыз ССРнин Жогорку Советтин депутаттыгына көрсөтүшөт. Ошол эле жылы ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун биринчи төрагасы болуп шайланган. Бул жогорку жана жооптуу кызматта 1943-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген.

А. Толубаев Кыргыз ССРнин саясий экономикалык, социалдык жана маданий турмушунун бардык тармактар боюнча өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон. Ал эл чарбасын көтөрүүдө, Кант-Балыкчы каналынын курулушуна, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында СССРдин европалык бөлүгүнөн эвакуацияланган өнөр жай ишканаларын жана калкты жайгаштырууда өзгөчө эмгек сиңирген. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасын өткөрүүдө, 1940-жылы кыргыз жазуусун латын тамгасынан орус графикасынын негизинде түзүлгөн кыргыз алфавитине которууда баа жеткис салым кошкон. А.Толубаевдин жетекчилиги алдында 1939-жылы Кыргыз ССРинде жалпы эл каттоо иш-чарасы  ийгиликтүү ишке ашкан. А.Толубаев Кыргызстандык жумушчу, дыйкандардын, интеллигенциянын эмгегинин мамлекет тарабынан татыктуу бааланышына өзгөчө көңүл бурган. Анын камкордугунун натыйжасында жүздөгөн эмгек алдыңкылары, адабият менен искусствонун чеберлери мамлекеттик сыйлыктарды, ардак наамдарды алышкан.

1943-жылдан 1954-жылга чейин А.Толубаев өзүнүн «Кызыл Аскер» колхозунда төрагалык кызматта эмгектенген. 1954-жылы ардактуу эс алууга чыгып, республикалык маанидеги персоналдык пенсионер болгон. Жигердүү эмгеги үчүн А.Толубаев Ленин ордени менен сыйланган.

1962-жылы А.Толубаев узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

 

Кийинчерээк анын ысымы Бишкек шаарындагы №49 мектепке ыйгарылган.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1688

Окшош жаңылыктар