Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Психиатриялык жардам жөнүндө мыйзам жоболору бир катар улуттук мыйзамдарга шайкеш келтирилүүдө

11-01-2017
10:08

Жогорку Кеӊеште «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бул мыйзам долбоору «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын жоболорун КР Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» мыйзамдардын жоболоруна жоболоруна ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Алсак, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесине ылайык ченемдик тапшырмаларды преамбулага кошууга жол берилбейт. Ушуга байланыштуу долбоор менен «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын преамбуласын алып салуу, ал эми жөнгө салуу предметин өзүнчө беренеде көрсөтүү сунушталууда.

Мындан сырткары, жыйын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамга) 2-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Мыйзам долбоорунун концепциясы жер казынасын пайдалануучулар жер казынасын рационалдуу пайдалануусун жана коргоосун контролдоону жүзөгө ашырууга багытталган. Мыйзам долбоору аркылуу текшерүүчү органдардын санын кыскартууну караштырат, бул мамлекеттин инвестициялык чөйрөсүн жакшыртуунун жана жүргүзүлүүчү мамлекеттик текшерүүлөрдү иретке келтирүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп кызмат кылат.

КР ЖК Басма сөз кызматы