Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Граждандык кодекске, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамга) 2-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Бекешев Д., Икрамов Т., Никитенко Н., Өмүрбекова А., Строкова Е., Иманалиев К., Шыкмаматов А.
Мыйзам долбоорунун концепциясы көрүүсү бузулган адамдардын билимге жана маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Автордук укуктун объекттерин пайдаланууда атайын ыкмаларды колдонуу менен жана жеткиликтүү форматта азиздердин жана көрүүсү бузулган адамдардын же жөндөмдүүлүктөрү башкача чектелген адамдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн чектөөлөрдү (кайра чыгарууга укуктарды кошпогондо) алып салуу боюнча бир катар милдеттенмелерди белгилөө мыйзам долбоорунун башкы максаты болуп саналат.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга илимдин, адабияттын жана искусствонун жеткиликтүү чыгармаларын пайдалануу үчүн китепканаларды жана билим берүү уюмдарын форматтар (санариптик чөйрөнүн шарттарында) менен камсыз болот. Бул алардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтөт жана алардын билим алууга укуктарын ишке ашырууга өбөл түзөт.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы