ЖАҢЫЛЫКТАР 21.06.16.

21-06-2016 08:20

Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бюджеттин насыя каражаттарын берүү жана кайтаруу тартибин кайрадан ыраатташтырууга багытталган «Бюджеттик насыя берүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар А.Назаров, А.Жапаров, К.Исаев. Баянлама жасаган депутат Айтмамат Назаров,-“Насыялык карызы бар тармактарды мамлекет тарабынан каржылабоо талабы киргизилүүдө. Ал эми Каржы министрлиги мындай талапты мөөнөтү өтүп кеткен карызы бар жактарга карата гана колдонуу өтүнүчүн билдирүүдө», дейт.

“Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү  барак тибиндеги үйлөрдүн ээлери кыйроо абалында турган турак-жайлары үчүн бири азыраак баа сураса, кай бирлери андан 3-4 эселеген жогорку бааны талап кылышат. Бул жерде “кызыл кулактык” кылууга жол берилбеш керек. Менчикке болгон укук абсолюттуу эмес. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбалары буга мисал. Биздин Конституцияда деле менчикти мамлекеттин эсебине алуунун бир нече түрү көрсөтүлгөн”,- дейт Бишкек шаарын реконструкциялоо боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Өмүрбек Текебаев.

                                        СНХ.Ө.ТЕКЕБАЕВ

КСДП фракциясы «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору боюнча көп тараптуу трасстык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Бул маселени талкуулоодо Айыл чарба министрлигинин аткарып жаткан иштерине сын-пикир айткан депутат Рыскелди Момбеков аталган министрликтин канчалык кереги бар, эгер азыр дыйкан-фермерлер өз арабайын өзү согуп, өзү агроном, өзү ветврач болуп жатканда?”- дейт.

                                        СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев болсо, Айыл чарба жана мелиорация министрлигин жоюп салуу сунушун көтөрүүдө.

                                        СНХ.А.ШАДИЕВ

Дыйкандарга берилүүчү насыялардын пайыздык өлчөмүн 7%га чейин төмөндөтүү зарылчылыктары айтылууда. Бул багытта маселе көтөргөн депутат Бакытбек Райымкулов буларды белгилейт.

                                        СНХ.Б.РАЙЫМКУЛОВ

Мамлекеттик өнүктүрүү фондунун директору Жусупали Төрөмаматов ушу тапта көптөгөн бюджеттик каражаттар кайра кайтарылбай жатканын Бюджет жана каржы комитетинде белгиледи. «Мисалы, өнөр жай тармагына 136 млрд 227 млн сом берилсе, 41 млрд 512 млн сом кайтарылган, энергетика тармагына 107 млрд 787 млн сом берилсе, 25 млрд 750 млн сом кайтарылган. Транспорт тармагына 6 млрд 408 млн сом берилсе, 3 млрд 938 млн сом кайтарылган, банктарга берилген 8 млрд 151 млн сомдун 5 млрд 646 млн сому гана кайтарылган. Карыздардын 80 пайызы энерготармакка тиешелүү», - дейт ал.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде КР Үй-бүлө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралып, бул багытта демилгечи депутаттардын бири  А.Салянова маалымат берди. Анда жашы жете элек кызды турмушка берүүгө макулдугу бар ата-энелердин, жашы жеткен куракка келип, эрезеге жете элек кыздын колун сураган жигиттин жана анын ата-энесинин жоопкерчилиги күчөтүлөт. Ошондой эле алардын катарында нике кыйган диний тараптын өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги да бирдей каралат.

                                          СНХ.А.САЛЯНОВА

Өлкөдө көз карандысыз тергөө комитетин түзүү демилгеленүүдө. Мындай сунушту депутат Кенжебек Бокоев кечээ, 20-июнда Жогорку Кеңештин жарандарды кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын жыйынтыктоочу отурумунда билдирди. “Укук коргоо органдарынын бардык тергөө бөлүмдөрүн бириктирип бир тергөө комитетин түзүү керек. Облустук бөлүмдөрдү болсо жоюш керек. Ал эми райондук бөлүмдөр башкы орган менен түздөн-түз иштеши зарыл. Эгер бөлүмдөрдү бириктирсек жетекчилердин саны азаят, бюрократия жоюлат",- дейт депутат.

                                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 21-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын кээ бир райондорунда эле болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы Чүй:22...27, Талас:21...26, Ош, Жалал-Абад:25...30, Баткен:24...29, Ысык-Көл, Нарын:19...24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 21-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  24...26 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 2425

Окшош жаңылыктар