Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 11-январында добуш берилген мыйзам долбоорлору

11-01-2017
12:16

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууларда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.06.16дагы № 360 токтом);

- “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Акаев Ж.К.).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Икрамов Т.И., Никитенко Н.В., Өмүрбекова А.С., Строкова Е.Г., Иманалиев К.К., Шыкмаматов А.Н.);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 26.09.16дагы № 509 токтом).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

- “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.11.16дагы № 596 токтом).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы