Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.
Бул маселе боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына өзүнүн талапкерлерин көрсөтүүгө кызыкдар жарандык коомдор 2017-жылдын 3-мартына чейин тиешелүү талапкерлердин документтерин Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жөнөтүшү керек. Ал эми келип түшкөн сунуштар ушул 2017-жылдын 3-апрелине чейин тармактык комитетте каралып, парламенттин кароосуна сунушталат.
Коюлган талаптарда көрсөтүлгөндөй, “КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамдын 13-беренесине ылайык, кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жогорку билимдүү, массалык маалымат каражаттарында, бейөкмөт уюмдарында, чыгармачыл союздарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болушу кажет.
Адатта КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктоого 3 ай калганда Жогорку Кеңеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Байкоочу кеңеш 5 жылга шайланып, 15 мүчөдөн турган коллегиалдуу орган болуп саналат.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы