Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Пархат Тулендыбаев: «Ыйман, адеп жана маданият жылында мугалимдер менен маданият кызматкерлеринин маянасын көтөрүү зарыл»

12-01-2017
09:58

Презмденттин Жарлыгы менен 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы катары жарыяланды. Ыйман, адеп – таалим тарбыя. Ал эми маданият деген өтө кенен жана кыйла маанилүү түшүнүк. Совет заманында жаштарга таалим-тарбыя берүү маселеси эӊ жогорку деӊгээлде коюлган. Далай залкар акын-жазуучулар чыккан. Тилекке каршы, азыр ага анча көӊүл бурулбай калды. Мамлекет таалим-тарбыя чараларын кайрадан колго алышы керек. Бул тууралуу депутат Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Жарандарыбызды ыйман, адеп, маданият жагынан тарбыялоо ырааттуу мамилени талап кылат. Адамдыканчалык жаш кезинен ар тараптуу тарбыялай баштаса, ал ошончолук үзүрүн берет. Менимче, Өкмөт Ыйман, адеп жана маданият жылында адамдын калыптанышына түздөнтүз катышы бар тарбыячылардын, мугалимдердин, баардык билим берүү жана маданият кызматкерлеринин маянасын көтөрүү чараларын көрүшү зарыл», - дейт эл өкүлү.

КР ЖК Басма сөз кызматы