Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Дастан Жумабеков: «Бишкек баатырдун өтөлгөлүү өмүрү менен өрнөктүү иши келечек муун үчүн үлгү болуп калышы керек»

12-01-2017
10:26

Көпчүлүк жаштардын ордо калаабыз Бишкектин аталышы тууралуу так маалыматы жок. Чет өлкөлүк меймандар деле Бишкек шаары тууралуу сабада кымыз бышкан таякты элестетет. Ошондуктан, биз азыртан Бишкек шаарынын аталышы жөнүндө келечек муунга туура жана так маалымат берүү чараларын колго алышыбыз керек. Бул тууралуу депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Тарыхый булактарга кайрылсак, Бишкек шаары Бишкек баатырдын атынан коюлган. Ал кыргыз жергесин баскынчылардан бошотууга түздөнтүз катышып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына эбегейсиз зор салым кошкон адамдардын бири. Ошондон улам, биз ордо калаада анын эстелигин орнотуп, музейин ачышыбыз керек. Мындай тарыхый адамдар унутта калбашы зарыл. Анын өтөлгөлүү өмүрү менен өрнөктүү иши келечек муун үчүн үлгү болуп калышы керек», - дейт эл өкүлү.

КР ЖК Басма сөз кызматы