Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Улан Примов: «Өкмөт өз убадасына туруп, жарандарды жер үлүшү менен камсыз кылышы керек»

12-01-2017
10:42

Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү ансыз да өтө төмөн, айрыкча элет жергесинде жарытылуу деле жумуш жок. Көп адамдар жер үлүшү жок болгондуктан, пенсияга чыкканда кыйналып жатат. Өкмөт жарандарды жер үлүшү менен камсыз кылуу маселесин тездетип чечүүсү зарыл. Бул тууралуу депутат Улан Примов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Өкмөт 2016-жылдын ичинде өлкө аймагындагы жерди толугу менен инвентаризациялап чыгып, жарандарды жер үлүшү менен камсыз кылуу чараларын көрүүгө убада берген. Жыл аяктады, бирок жерди инвентаризациялоо аягына чыгарылган жок, күткөн эл анын ишке аша турганынан күмөн санап турат. Өкмөт өз убадасына туруп, жарандарды жер үлүшү менен камсыз кылышы керек», - дейт эл өкүлү.

КР ЖК Басма сөз кызматы