Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат А.Акматов: “Мамлекетик ипотеканын эсептөө формуласы коммерциялык эмес, социалдык негизде болушу керек”

12-01-2017
10:54

Бүгүн, 12-январда “Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Алмасбек Акматов жарандардан мамлекеттик ипотека боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшүп жаткандыгын маалымдады.

Депутаттын айтымында, социалдык мекемелердеги кызматкерлердин мамлекеттик ипотека алууга айлык маяналары жетпейт. Ипотеканын пайызы 10-12 болгону менен төлөй турган карыздары көп болуп, натыйжада кредитке 15 жылга алган үйдүн баасы 1,5-2 эсе ашыкча төлөнөт экен. Маселен, Бишкекте 2 бөлмөлүү үйдүн орточо баасы 2 миллион сом болсо, ипотека менен алса 4 миллион сом төлөөгө туура келет экен. Ошондуктан, кайрылгандардын 50% кайра баш тартышкан. Жыйынтыгында ипотека алуу үчүн арыз бергендердин 10% гана насыя алышкан. “Алган айлыктары жетпестигин банктын эсептөө формуласы көрсөтүп жатат. Мамлекетик ипотеканын эсептөө формуласы коммерциялык эмес, социалдык негизде болушу керек” депутат А.Акматов. Депутат бул боюнча протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы