Бүгүн, 12-январда “Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутаттар шайлоочуларынын көйгөйлүү маселелерин аткаруу бийлигине табыштады.
Ош облусунун Ноокат районундагы Гүлстан айылындагы мектеп каптиталдык ремонттон өткөнү менен ал кабыл алынбай, ишке кирбей жатат. Себеби, бул ремонт сапатсыз болгон. Керек болсо каралган каражаттын жарымы да жумшалган эмес. Ушундай эле көрүнүш аталган райондун Темир-Корук айылынын мектебинде да бар. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Төрөбай Зулпукаров тиешелүү мекеме жетекчилери толук кандуу текшерүү жасашы керектигин айтты. Ошондой эле Ноокаттын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө 130 гектар жер Өзбекстандын жарандарына сатылып кетти деген маалыматты тактап берүүнү талап кылды.
Депутат Сайдолимжан Жураев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылындагы кесиптик-техникалык лицейдин имараты окууга жараксыз деп табылганына карабастан иштеп жаткандыгын белгиледи. “Же жаңы имарат курулбайт же балдарды башка жакка көчүрбөйт. Эч кандай жыйынтык жок”,- дейт депутат.
Оштун Чоң-Алай районунда союз маалындагы сугат жер болуп кирип калган жер азыр какыраган жерге айланган. Бүгүнкү күндө бул жер тилкесин трансфармациялоо боюнча маселе чечилбейт келет. Өткөн жылы жер тилкелерин толугу менен инвентаризацияланып жаткандыгы айтылган. “Жыл жаңырды, эми ошондой жерлерди муктаждарга трансформациялайбыз деди эле. Чындыгында эле мындай жерлерди эртерээк чечилиши керек”, -дейт депутат Улан Примов маселе көтөрдү. Ошондой эле көптөгөн жарандар жер үлүштөрү жок татыктуу пенсияга чыга албай жүргөндүгүн кошумчалады.
Депутат Урматбек Самаев Бишкектеги тратуарлардагы муздар тазаланбай, кары-картаңдар жыгылып, буту-колун сындырып алып жаткандыгын айтып, шаар жетекчилерин сынга алды.
Жалал-Абаддын Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүндөгү тоодон жер көчүп баштап, 10 күн ичинде 150 метрге чейин жеткендигин депутат Тазабек Икрамов маалымдады. Бул аймактагы айылда 10 үйдү көчүрүү зарылдыгы менен катар аларга жер тилкесин трансформациялоо жана ссуда берүү маселелерин комплекстүү чечүү керектигин белгиледи.
Жалал-Абаддын чек арага танапташ Ала-Бука районунда айрым үй-бүлөлөрдөгү бир туугандардын кээси Кыргызстан аймагында, кээси Өзбекстан аймагындагы айылдарда болуп кыйынчылыктарга туштугун жатат. Депутат Алмазбек Эргешовдун маалыматы боюнча мындай үй-бүлөлөр чек арадагы айрым посттор ачылбай, бири-бирине каттоодо 10 км жолдун ордуна айланып, 1000 км чейин жол басып жатышат.
Депутат Таалайбек Масабиров 30 миң калкы бар Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун көрүстөнгө жер бөлүү көйгөйү аягына чейин чечилбей жаткандыгын аткаруу бийлигине багыттады.
Оштун Араван районунун тургундары чек арага танапташ жайгашкандыктан, чек арага танапташ айыл макамын берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Нурматов маселе көтөрдү.
Жалал-Абаддын Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүндөгү бала бакча муктаждыгын чечүүнү депутат Карамат Орозова КР Өкмөтүнө жолдоду.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы