Бүгүн, 12-январда “Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутаттар шайлоочуларынын көйгөйлүү маселелерин аткаруу бийлигине табыштады.
“Ар түрдүү маселелер” саатында элдин көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган билдирүүлөр жасалаарын айткан депутат Курманкул Зулушев бирок аткаруу бийлигинен жарытылуу жооптор келбей жаткандыгын сынга алды. Анын пикиринде, көйгөйлүү маселелер качан, кантип чечилери боюнча координация жок. “Депутаттар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылсаңар же чечүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, ага негиздүү, татыктуу түшүндүрмө берсеңер”,- дейт депутат.
КР Президенти тарабынан 2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланды. Ыйман, адеп жана маданияттын баары үй-бүлөдөн башталат. Ал эми үй-бүлө коомдун негизин түзөт. Мындай пикири менен чыккан депутат Айнуру Алтыбаева 2017-жылга карата үй-бүлө комиссияларынын баары кыскартуу туура эмес чечим болгондугун баса белгиледи. Ошону менен катар КР Акыйкатчылыгында түзүлгөн, кыйын абалга кабылган балдар үчүн акысыз “115” телефон линиясын каражат жок деген шылтоо менен кыскаргандыгына да нааразчылыгын айтты.
Депутат Тынчтык Шайназаров Оштун Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы И.Гапиров боюнча маселени 1,5 жылдан бери көтөрүп келатат. Депутаттын айтымында, аталган айыл өкмөт башчысына 12 гектар жерди мыйзамсыз саткан деген кине менен жумуштан бошотулсун деген тиешелүү органдардын чечимдерине карабай, ал бүгүнкү күндө деле иштеп жатат. Т.Шайназаров КР мыйзамдары Нариман айылында иштебейби деген маселени кабыргасынан койду. Мындан сырткары, депутат мамлекеттин үлүшү болгон компаниялардын финансылык отчету менен таанышкандыгын айтып, мындай компания жетекчилери республика бюджетине олчойгон зыян келтирип жаткандыгын белгиледи.
Депутат Аида Салянова бүгүнкү күндө атайын кызматтардын социалдык түйүндөрдө жарандардын пикирлерине карата иш-аракеттерин мыйзамсыз деп баалап, бул маселени Башкы Прокуратурага жиберүүнү жана анын жыйнытыгын элге жарыялоону сунуш кылды.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо митинг менен коштолгонун, шайлоо процессинде бюллетендери көзөмөлдөө иш-аракеттери болгонун айтып, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шаар мэрин шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын билдирди.
Депутат Ирина Карамушкина дагы шаар башчысын шайлоо процессине токтолуп, анда өткөрүлгөн митинг шаардык кеңештердин депутаттарын сатылбай добуш берүүгө чакырык жасаган акция болгонун түшүндүрүп берди. Анын айтымында, ири өлчөмдөгү каражат сунушталып, добуштарды сатып алуу боюнча маалыматтар болгон.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы