Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жеке мектептерди салыктын айрым салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу демилгеси көтөрүлдү

12-01-2017
12:15

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан өлкөдө мектеп мекемелеринин жетишсиздик маселелерин чечүү, ошондой эле  менчиктин жеке формасынын негизинде  түзүлгөн, мектептик билим берүү уюмдарды ачып жаткан жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин айтымында, Кыргызстанда 2015-жылы 49 мамлекеттик эмес жалпы билим берүү мекемесине лицензия берилген. Ал эми 2016-жылдын биринчи жарымында билим берүү кызматын көрсөтө турган 7 жеке мектепке лицензия берилген, анын ичинде 4 мектеп Бишкек шаарында иштейт. Демек, мындай мектептер анчалык деле көп эмес.

Ошондон улам, жеке мектептерди салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу демилгеси сунушталууда. Ал республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн олуттуу кыскаруусуна алып келбейт. Андан сырткары, мындай жеӊилдиктер Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөрдө да бар экени, жеке мектептер кошумча нарк салыгынан бошотулбай турганы белгилүү болду.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар жеке мектептерди сатуудан алынуучу салыктан бошотпоо сунушун беришти. Алардын пикиринде, сатуудан алынуучу салыктан бошотуу келечегинде өз кесепетин тийгизиши мүмкүн. Мындай сунушту Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков да колдоду.

Өкмөт мыйзам долбооруна каршы эмес.

КР ЖК Басма сөз кызматы