Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Укук бузган адам кандай болгон күндө да жоопкерчиликке тартылууга тийиштигин бекемдеген мыйзам долбоору 3-окууда каралды

12-01-2017
12:23

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Демилгечилер – 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары Т.Туманов, К.Абдиев.

Аталган маселе боюнча Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Жээнчороев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык мыйзам долбоору жасалган кылмыш үчүн жазанын сөзсүз боло тургандыгы принцибин сактоо максатында иштелип чыккан, ага ылайык мыйзамда каралбаган негиздер боюнча эч ким жоопкерчиликтен бошотулбайт. Кандай болбосун укук бузуучу анын кызмат абалына, улуттук, диний жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Каралган мыйзам долбоордогу өзгөртүү, эгерде тергөө өндүрүшүнүн жүрүшүндө кылмыш жасаган адам тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн баш тартса жана анын турган жери белгисиз болгон учурда, тергөө органдарынын сыртынан айып коюу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөндүн негизинде кылмыш ишин сотко жөнөтүү мүмүкүнчүлүгү белгилейт. Тагыраак айтканда, КР Жазык-процесстик кодексинин 259-статьясына ылайык, эгерде соттолуучу республиканын чектеринен тышкары болсо жана сотко келүүдөн баш тартса, ошондой эле соттолуучу кайра чакыруудан кийин сот жыйналышына келбесе жана келбөөсүнүн себеби жөнүндө сотко кабарлабаса, сотто ишти териштирүүгө жол берилет.

Ошондой эле жактоочу шектүүнү (айыпкерди), күбөнү же иш жүзүндө кармалган шектүүнү (айыпкерди) биринчи суракка алгандан тартып  же болбосо ал сотко чейинки иште атайылап жок болгон учурда айыпкер катары тартуу жөнүндө токтом чыгарылгандан, ал эми сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча - кылмыш жасаган адам жазуу түрүндө макулдук берген учурдан тартып ишке катышаары каралган. Мындан сырткары, республиканын чектеринен тышкары жүргөн айыпкердин турган жери анык болуп жана анын катышуусу милдеттүү болгон тергөө аракеттерин жүргүзүүдө айыпкер атайылап сотко чейинки иштен баш тартканда жактоочунун катышуусунун милдеттүүлүгү белгиленген.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы