Жогорку Кеңеште сот реформасынын алкагында иштелип чыккан “Пробация жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Маалыматка ылайык, пробация – бул шарттуу жазанын бир түрү. Анда соттолуучуга сот аныктаган сынак убакыты берилип, ал атайын органдардын көзөмөлүндө болот. Соттолуучу өзүнө тагылган пробациялык милдеттерди так аткарса, ага эркинен ажыратуу жазасы берилбейт.
Пробация эркинен ажыратууга альтернатива болуп, эл аралык тажрыйбада жакшы натыйжа бергендиги айтылууда.
Пробация сыяктуу институтун тажрыйбага киргизүү менен соттолгондун ресоциализация максаттарын турмушка ашырууга, коомчулукту пробациялык көзөмөл процессине катыштырууга, бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө жетишилет.
Пробация эркиндигинен беш жылдан ашпаган мөөнөткө ажыратуу жазалоосу дайындалганда колдонулушу мүмкүн, пробацияны дайындоодо жасалган кылмыштын оордугу, күнөөлүүнүн инсандык касиеттери, адамдын күнөөсүн мойнуна алгандыгы эсепке алынат.
Ошону менен бирге пробация колдонулбай турган адамдардын тобу да белгиленет. Аларга төмөнкүлөр киргизилген: - оор жана өтө оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдар, өлкөнүн аймагында убактылуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине кол салган адамдар.
Өкмөт өкүлү мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны ишке ашырууга жумшалчу 350 млн сом азырынча бюджетте жок экенин билдирди.
КР ЖК Басма сөз кызматы