Депутат Умбеталы Кыдыралиев: «Аксыдагы «Көк-Кыя» менен «Капчыгай» экинчи «Кумтөргө» айланып барат»

24-01-2017 11:32

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Жалал-Абад облусунун аймагында жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзам бузуулар тууралуу, Таш Көмүр ГЭСинин иштешине коркунуч туудурган Аксы районунун Ак Суу айылында, Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги Көк-Кыя жана Капчыгай аймактарында мыйзамсыз алтын казып алуу фактылары боюнча малымат угулду.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Аксыдагы «Көк-Кыя» менен «Капчыгай» участкалары экинчи «Кумтөргө» айланып баратканын баса белгиледи. «Мен өз көзүм менен көрдүм, Кара-Суу дарыясынын нугунан мыйзамсыз алтын ылгоо аракеттери Таш-Көмүр ГЭСине коркунуч туудура баштаптыр. Суунун нугу бир жерден өтүшү керек эле, азыр аны да каза баштады. Бул багытта Өкмөт тарабынан чаралар көрүлгөн жок», - дейт ал.

Депутат 20 чакырым аралыкта ГЭС жайгашканын, ал жерден эки суу кошулушу керектигин, азыр Кара-Суу дарыясы арыкка айланып калганын, баш-аягы 6,5 га жер эч бир уруксат документи жок мыйзамсыз иштетилип жатканын кошумчалады.

Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Азиз Сапаралиев аталган алтын кендерин мыйзамсыз казуудан 220 миӊ сом, дагы башка мыйзам бузуулардан 150 миӊ сом зыян келтирилгенин, Өкмөт азыр алтын кендери боюнча аукцион өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина Аксы аймагындагы абал тууралуу кайчы пикирлер айтылып жаткандыктан, Өкмөткө мекемелер аралык комиссия түзүп, келтирилген зыяндын көлөмүн жеринде иликтөө, кенди иштетип жаткан компанияны лицензиядан ажыратуу маселесин чечүү жөнүндө сунуштама киргизүү сунушун берди. Ал сунуш комитет мүчөлөрүнүн колдоосун тапты.

Белгилей кетсек, Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитетинин маалыматына ылайык, аталган аймак мамлекетке таандык жана ал аукциондук участка болуп саналат.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1337

Окшош жаңылыктар