Дача СУ айылындагы жашоочуларды чукул арада коопсуз жайга көчүрүү талаптары коюлууда

24-01-2017 11:39

Бишкек шаарындагы №3 балдардын клиникалык ооруканасына Дача СУ айылындагы балдардын бешөө медициналык жардам сурап кайрылышкан. Медиктердин айтымында, алар авиакеросиндин зыядуу таасири тийген азык-түлүктөрдөн ууланууга кабылышкан,- деп болжолдонууда. Бул жагдайдан кабар алган Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети маселени ыкчам чечүү боюнча КР биринчи вице-премьер министри М.Абулгазиевдин атына атайын телефонограмма жолдоду. Анда аталган Дача СУ айылындагы жашоочуларды чукул арада коопсуз жайга көчүрүү талаптары камтылган.

 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 

Көрүүлөрдүн саны : 2309

Окшош жаңылыктар