Депутат Акылбек Жамангулов КМШ Жаштар ПААнын координатору кызматына сунушталды

24-01-2017 12:44

КМШ мамлекеттеринин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын координатору кызматына Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангуловдун («Республика – Ата-Журт» фракциясы) талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чечим кабыл алды.

Депутат Акылбек Жамангулов 1988-жылы Чүй областынын Кемин шаарында туулган. 2011-жылы Кыргызстан-Россия Славян университетин «Каржы жана насыя» адистиги боюнча бүтүргөн. 2014-жылы КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында «Эл аралык мамилелер» деген адистигин алган. 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Белгилей кетсек, 2017-жылы КМШ мамлекеттеринин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын ишине Кыргызстан төрагалык кылат.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1738

Окшош жаңылыктар