КР Акыйкатчысы К.Оторбаев: “Токтотулган кылмыш иштерине да жеткиликтүү болбосок, адам укуктарын коргоодо кыйынчылыктар жаралууда”

24-01-2017 13:25

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын талкуулоого арналган коомдук угуу өттү. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.

Мыйзам долбоору КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жана өлкөнүн Акыйкатчы институтунун ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүүгө, ошондой эле аны КР Конституциясынын жоболоруна жана адам укугу менен эркиндиги жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.

Коомдук угуу жүрүшүндө КР Башкы прокуратурасынын өкүлү М.Чоробеков мыйзам долбоорунун айрым беренелериндеги пункттарда башка мыйзамдарга шайкеш келбей калган жагдайлар бар экенин айтып, мисал келтирди. Анын айтымында, КР Акыйкатчы институту тарабынан токтотулган кылмыш иштеринин көчүрмөлөрү алынганда тергөөнүн купуялуулугу сакталбай калат. Ал ведомстволор аралык комиссия түзүп, мыйзам долбоору боюнча жалпы корутунду чыгарууну сунуш кылды. “Токтотулган кылмыш иштерине жеткиликтүү болбосок, адам укуктарын коргоодо кыйынчылыктар жаралууда”,- дейт КР Акыйкатчысы К.Оторбаев. Ал негизсиз козголуп, КР Жогорку Соту тарабынан кыскартылган көптөгөн кылмыш иштери бар экенин белгиледи. Ошондой эле жоопкерчилик маселесине олуттуу мамиле жасаларын, тагыраак айтканда, тергөөнүн купуялуулугу сакталаарын кошумчалады.

Мындан сырткары, Каржы министрлигинин өкүлү мыйзам долбоорун колдоого алып, анда Бюджеттик кодекске шайкеш келтирүүчү жагдайлар бар экенин билдирди. Ошону менен катар, коммерциялык эмес уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү, милиция менен өрт өчүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо сыяктуу бир катар маселелерди да камтуу зарылдыгы көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы КР Жогорку Кенешинин депутаттары А.Шыкмаматов, А. Кодуранова, Ч. Жакупова, А. Алтыбаева, Н. Алимбеков, К. Бокоев, У.Жылкыбаев, К. Асылбаева, А. Юсуров, Ж. Мусабекова, Т. Тиллаев, И. Карамушкина тарабынан демилгеленген.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 592

Окшош жаңылыктар