Бишкек шаары ушул кезге чейин укуктук жактан аймакташтырыла элек

24-01-2017 13:38

Башкы планга ылайык, азыр ордо калаанын аянты 16 миӊ гектар, ал 2025-жылга 25 миӊ гектарга чейин кеӊейет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде мекемедеги иштин абалы жана келечек өнүктүрүү планы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

«Ушу тапта 11 шаарда укуктук аймакташтыруу документи бар, ал эми Бишкек шаары ушул кезге чейин укуктук жактан аймакташтырыла элек. Бул багытта Бишкек мэриясы 5 млн сом каражат караштырууда», - деп кошумчалады ордо калаанын архитектура башчысы.

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев ал анчалык деле көп каражат эмес, азыртан эле Бишкек шаарын укуктук жактан аймакташтыруу иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи. «Укуктук жактан аймакташтыруу документисиз кантип иштөөгө болот. Мына, Бишкек шаарынын башкы планы боюнча 2006-жылдан бери иш жүрүгүзүлүп келатканына карабастан, деталдык план азыркыга чейин жок», - деди ал.

Андан сырткары, депутат ордо калаадагы курулуштардын кабаттуулугу тууралуу маселе көтөрүп, аны жогорулатуу жагын азыртан ойлонуу зарылдыгына токтолду. «Совет доорунда 16 кабатка чейин уруксат берилчү, азыр араӊ 24 кабатка жетиптирбиз. Эмне, 50 кабатка чейин көтөрсөк болбойбу?», - деп кошумчалады эл өкүлү.

Архитектура башчысы мындай чектөөлөр инженердик-техникалык маселелерге байланыштуу болуп жатканын, деталдык планды түзүүгө дагы 1 млн 200 миӊ сом керектеле турганын билдирди. «Ушу тапта ордо калаада 33 кабаттуу кеӊсенин курулушу пландаштырылууда. Азыр биз ар 5 жылда башкы планга өзгөртүүлөрдү киргизип туруу чечимине келдик. Буюрса, көп кабаттуу бүтүндөй бир кварталдар курулат деген ойдобуз», - дейт ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 500

Окшош жаңылыктар