Жогорку Кеӊеш Төрагасы Ч.Турсунбеков Бангладеш элчиси М.Маннананы кабыл алды

24-01-2017 14:17

Бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бангладештин Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Масуда Маннана менен жолугушту.

Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды жандантуу менен эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан эки жактуу өнөктөштүктү кеӊейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп: “Парламенттер аралык кызматташтыкты күчөтүү аркылуу Бангладеш Республикасынын парламентаризмге багытталган жетишкендиктеринен тажрыйба алуу биз үчүн өтө маанилүү" - деди. Ошондой эле депутаттык иш сапарларды активдештирүү зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде элчи Масуда Маннана бангладеш тараптын Кыргызстан менен болгон мамилелерди арттырууга кызыгуусун билдирип, соода-экономикалык жана парламенттер аралык байланышты жандантуу менен натыйжалуу кызматташуу болорун белгиледи. Ал Жогорку Кеңештин Төрагасын Бангладешке расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Мындан сырткары, жолугушуунун өзөгүн экономикалык багыттагы өнөктөштүктү күчөтүү, айрыкча, эки тараптуу экспорт жана импорт маселелери түздү. Ошону менен катар элчи Бангладеш жарандары менен дипломатиялык паспорттун ээлери үчүн визасыз режим киргизүү маселесине колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Жолугушуу соӊунда Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Масуда Маннананы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, элчи катары эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеӊейтүүгө чоӊ салым кошоруна үмүт артарын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1995

Окшош жаңылыктар