Электр чордондорундагы авариялар мурда 13 миӊге жетсе, азыр 7 миӊге чейин төмөндөдү

24-01-2017 15:43

Ушу тапта Кыргызстан аймагы боюнча электр энергиясына көзөмөл жүргүзүү жана каттоо боюнча автоматташтырылган 169 миӊ жабдуу орноштурулду. Бул тууралуу Улуттук Энерголдинг төрагасынын орун басары Нурлан Сыдыков Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди.

Улуттук Энерголдинг өкүлүнүн айтымында, электр кубатынын техникалык жана коммерциясы 29 пайызга чейин чыгып кеткендиктен, 2012-жылдан тарта автоматташтырылган электр эсептегиятер орнотула баштаган, азыр ал 10-11 пайызга чейин төмөндөдү. «Турмущ-тиричилик багытында колдонгон электр эсептегичтер компаниянын эсебинен акысыз коюлат. Азыр Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен дагы АСКУЭ үлгүсүндөгү 2 миӊ жабдуу алганы турабыз, аны орнотсок, жоготуу 1-2 пайызга чейин кыскармакчы», - дейт ал.

Андан сырткары, мындай заманбап жабдуулар орнотулган турак жайлардан орто эсеп менен 99,3 пайыз акча каражаты чогултулуп жатканы белгилүү болду. Ошондой эле, буга чейин электр чордондору менен электр чубалгыларындагы авариялар жылына 13 миӊге жетсе, ал азыр 7 миӊге чейин төмөндөдү.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 492

Окшош жаңылыктар