КР Акыйкатчысы жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечилерине аны өркүндөтүү жаатында ой-пикирлер айтылып, бир катар сунуштамалар берилди

24-01-2017 16:04

Жогорку Кеӊеште өткөн “КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын талкуулоого арналган коомдук угуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттар тобуна аны өркүндөтүү жаатында бир катар сунуштамалар берилди.

Эске салсак, мыйзам долбоору КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жана өлкөнүн акыйкатчы институтунун ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүүгө, ошондой эле аны КР Конституциясынын жоболоруна жана адам укугу жана эркиндиги жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.

Иш-чара жүрүшүндө тармактык комитеттин төрайымы Асел Кодуранованын, акыйкатчы Кубат Оторбаевдин, мыйзам долбоорунун демилгечилер тобунун, Адам укугу боюнча Дания институтунун эл аралык эксперти Наталья Утешеванын баяндамалары угулду. Алар мыйзам долбоорунун алгылыктуу жактары менен бир катар мүчүлүштүктөрдү белгиледи.

Коомдук угуу Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин демилгеси боюнча уюштурулуп, ага Адам укугу боюнча Даания институтун жана Адам укугу боюнча кеңештин көмөктөшкөн. Иш-чарага депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү катышты.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 478

Окшош жаңылыктар