Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Эгемберди Эрматовдун жаркын элеси эскерилди

25-01-2017 09:44

Жогорку Кеӊештин депутаттары кезектеги жыйынын кечээ, 24-январда каза болгон V чакырылыштагы кыргыз парламентинин депутаты, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эгемберди Эрматовду ордунан туруп эскерүү менен баштады.

Эске салсак, Эгемберди Эрматовдун сөөгү бүгүн, 25-январда өзү туулуп-өскөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пум айылында коюлду.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1319

Окшош жаңылыктар