Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Кожобек Рыспаев: «Акылдуу эсептегичтер» бир серверге бириктирилип, анын ишине башка адамдар кийлигишпеши керек»

09-02-2017
17:01

«Акылдуу эсептегичтерди» колдонууга киргизген кызмат адамдарын жоопкерчилигин кароо керек. Анын колдонулушуна нааразы болгон жарандар улам арбып барат. Алар «акылдуу эсептегичтердин» туура эмес эсептегенине жана инспекторлордун аны сатып алууга мажбурлап жатканына нааразы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

«Электр энергиясын пайдаланганы боюнча эсептер башаламан жүргүзүлүп, бирөөнө аз, бирине көп келүүдө. Эмне үчүн башында эле ЭКЭАТ тутумунун бирдиктүү серверлери орнотулган эмес? Өткөн 5 жыл аралыгында 115 миӊ гана ЭКЭАТ жабдуусу орнотулса, 21 гана көзөмөлдөөчү инспектор кыскартылыптыр. Мурда башкача сүйлөшүлгөн болчу. Эми аны ишке киргизген кызмат адамдары жообун бериши керек», - деп, депутат жалпысынан 1 млн 300 миӊ «акылдуу эсептегич» орнотулушу керек экенин, буга чейин орнотулган ЭКЭАТ жабдуулары анын 9 пайызын эле түзө турганын баса белгиледи.

Андан ары депутат ар түркүн үлгүдөгү ЭКЭАТ жабдуулары орнотулганын, мындай айырмачылыктар жалпы тутумдун ишине кедергисин тийгизип жатканын белгиледи. «Ушу тапта Улуттук электр станциялары компаниясынын кампасында 2 млн доллардык жабдуулар жатат. Бирдей түрдөгү баардык ЭКЭАТ жабдуулары бир серверге бириктирилип, анын ишине инспекторлор же дагы башка адамдар кийлигишпеши керек. Азыркыдай алар аралашкан жерде эч качан иш илгерилебейт. Ошондон улам калк арасында нааразычылыктар жаралууда», - деп кошумчалады ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы