КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Жогорку Кеңешт «Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу» токтомунун жана Өкмөттүн «Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.
Вице-премьер-министр Олег Панкратовдун айтымында, айрым мүчүлүштүктөргө карабастан, Жогорку Кеӊеш менен Өкмөттүн токтомдорунун аткаруу алкагында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. «Токтомдорду аткаруу үчүн атайын программа кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттин карамагындагы «Альфа Телеком» компаниясы, «Дастан» жана «СК Ресурс» ишканалары жеке менчикке сатыкка коюлуп, «25 кадр», «НСГ» ААКсы сындуу бир катар объектилерди да менчиктештирүү чечими кабыл алынды. Ал эми «Пирамида» телеканалы азыркыдай эле мамлекеттик органдардын ишин чагылдыра берет», - дейт ал.
Андан сырткары, «АУБ» банкын банкротко чыгаруу жүрүмү соӊуна чыгып калганы белгилүү болду. Ошондой эле, «Витязь» менен «Солнышко» пансионаттары, «Манас» күйүүчү май менен камсыз кылуу комплекси мурдагыдай эле иштөөдө. Бирок, алар келечекте менчиктештирилип, «Солнышко» пансионаты спорт тармагына өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
КСДП фракциясында Жогорку Кеӊеш менен Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышы боюнча маалыматты талкуулоо жол-жол-жоболору улантылууда.
КР ЖК Басма сөз кызматы