Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Азамат Арапбаев: «Мамлекеттик ишкананын жетекчисинин маянасы ошол ишкананын кирешесине жараша коюлушу керек»

10-02-2017
11:40

Мамлекеттик мүлк – майнапсыз жана натыйжасыз мүлк. Бизде көп мүлк бар, мамлекеттин үлүшү бар ишканалар турат, бирок алар кандай иштеп жатат? Көйгөй да көп. Аларды кантип чечсек болот? Депутат Азамат Арапбаев КСДП фракциясында мамлекеттик мүлкү башкарууну жакшыртуу жана аларды оптималдаштыруу боюнча Жогорку Кеӊеш менен Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышы тууралуу маалымат талкууланып жатканда ушундай собол салды.

«Мамлекеттик мүлктү башкара турган жетекчилерди тандоодо бир гана критерий болушу кажет. Эгерде кайсы бир ишкана мамлекетке пайда алып келбесе, анда анын жетекчисин кызматтан алып, ордуна башкасын дайындоо керек. Мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине бирдей маяна чектелбей, жетекчинин эмгек акысы ошол ишкананын кирешесине жараша коюлушу керек», - дейт депутат Азамат Арапбаев.

Ал акционердик коом болбошу керектигин, бул маселе боюнча жумушчу топ иштеп жатканын белгиледи. «Акционердик коомдор жетекчиликке өз адамын отургузуу менен эле алектенип калыптыр. Алар дивиденддин 25 пайызын гана мамлекетке кириштеп, калган бөлүгүн жеке өнүгүү деген шылтоо менен өзүнө калтырат», - деп кошумчалады депутат.

КР ЖК Басма сөз кызматы