Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Маммүлкфонд башчысы Болсунбек Казаков: «Мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине атайын өнүгүү планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди»

10-02-2017
12:08

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында мамлекеттик мүлкү башкарууну жакшыртуу жана аларды оптималдаштыруу боюнча Жогорку Кеӊеш менен Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышы тууралуу маалымат талкууланып жатканда, депутаттар баардык мамлекеттик ишканалар майнапсыз иштеп жатканын белгилешип, анын жетекчилери менен директорлор кеӊешинин мүчөлөрү кайсы критерийлерге ылайык кандай жол аркылуу тандалып алына турганына кызыгышты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков мамлекеттик ишканалардын директорлорун тандоо сындуу эле, директорлор кеӊешинин мүчөлөрүн да тандап алуунун критерийлери алдынала иштелип чыга турганын билдирди.

«Ачыгын айтыш керек, иш жүзүндө көрүнгөндөй, директорлор кеӊеши институту азырынча өз максатына жете элек. Биз азыр мамлекеттик ишканаларга бонус усулун киргизүү жолун да караштырып жатабыз. Ал кирсе, ишкана жетекчилери алгылыктуу натыйжаларга жетишөөгө кызыкдар болот ко деп турабыз», - деп, ал мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине бир айдын ичинде атайын өнүгүү планын иштеп чыгып, кирешелүү ишканага айлантуу тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

КР ЖК Басма сөз кызматы