Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов: «Ушу тапта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өзүнө таандык болбогон иштер менен алектенүүдө»

10-02-2017
12:41

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында мамлекеттик мүлкү башкарууну жакшыртуу жана аларды оптималдаштыруу боюнча Жогорку Кеӊеш менен Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышы тууралуу маалымат талкууланып жатканда, КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов: «Эмне себептен Өкмөт ушул кезге чейин мамлекеттик ишканалардын натыйжалуулугун талдоо жыйынтыгын чыгара элек?», - деген собол салды.

«Ушу тапта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өзүнө таандык болбогон иштер менен алектенүүдө. Биз аларды ашыкча жүктөп салдык окшойт. Экономика министрлиги кайда карап отурат? Эмне үчүн ал бизди мамлекеттик мүлктүн натыйжалуулугу менен келечек тагдыры боюнча жүргүзүлгөн талдоо иштеринин жыйынтыгы менен тааныштыра элек. Бизде бюджетти түзө турган ири ишканалар бар, алардын азыркы абалы кандай? Биз билишибиз керек да», - дейт Иса Өмүркулов.

КР ЖК Басма сөз кызматы