Бүгүн, 10-февралда “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын бардык аймактарын сапаттуу санариптик теле, радио менен ошондой эле сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыз кылуу жаатындагы иштерди күчөтүү жөнүндө маалымат угулду.
Аталган маселе боюнча КР маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова баяндама жасашты.
Маалыматка ылайык, 2006-жылы Женевада (Швейцария) кол коюлган Кыргызстандын санариптик телеберүүлөргө өтүшү жөнүндөгү келишимге ылайык, санарипке өтүү жүрүмү 4 этапка бөлүнгөн. Зарыл болгон техникалык курулмалардын курулушу аяктоо алдында турат. Бүгүнкү күндө республиканын 95% аймагы санариптик телеберүү менен камсыздалган, калган 5% аймак санарип менен 2017-жылдын май айына чейин камтылмакчы. 15-майда аналогдук берүүлөр өчүрүлүп, санарипке өтүү пландаштырылган. “Маселенин баардык техникалык жактары чечилген”,- дейт Б.Шаршембиев.
Ал эми КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу санариптик берүүгө өтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Жыйын жүрүшүндө депутаттар Алмазбек Эргешов, Кубанычбек Нурматов, Таалайбек Масабиров, Айтмамат Назаров, Дамирбек Асылбек уулу мындай маалыматтар менен макул эместигин билдиришти. Алар Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон райондорунун, Ош облусунун Ноокат районунун айылдарында санариптик берүү начар сапатта болуп, интернет менен камсыздалбай жаткандыгын тизмектешти.
Фракция лидери Алмазбек Баатырбековдун сунушу менен 15-майда республика толугу менен санариптик берүүгө өтүшү керектигине байланыштуу бул маселе боюнча май айынын акырында кайрадан маалымат угуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы